Исмаил Исаков: “Жантөрө Сатыбалдиев реформа жасап жатабы? Жок, нөл”

ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков “өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев укук коргоо тармагында реформа жасап жатабы? Жок, нөл”,- деди. Бул сөз өкмөттүн ишине байланыштуу сөздөн кийин айтылды. 

Депутат Исмаил Исаков Кыргызстанда Аскер полициясын түзүүнү сунуштоодо. Буга депутат Мыктыбек Абдылдаев “бул маселени комплекстүү карасак болбойбу? Бул маселени биз 1998-жылы сунуштап, бирок комплекстүү каралбай калып токтоп калган. Аскер полициясын гана эмес, соттук полиция, жол полициясын да түзсөк болот”,- деп сунуш айтты.  

Исаков: “Сунуш жакшы, бирок муну ишке ашыра ала турган өкмөт болуш керек да. Азыркы өкмөттү кетирип, иш жасай ала тургандарды алып келүү зарыл. Азыркы өкмөт бир нерсе жасап жатабы? Жок нөл”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан