Жылдызкан Жолдошева: "Садыр Жапаровдун жакшы ой-пикирлерин колдоп келем, мамлекетке зыян келтире турган болсо айтам"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.

Анда ага "Бир кезде Садыр Жапаровду колдогондордун сап башында элеңиз. Эми болсо аны сындагандардын катарындасыз. Буга эмне себеп болду? Айрымдар сиздин суранычыңызды аткарбай койду деп айтышууда", - деген суроо берилди.

"Мен Садыр Жапаровдон эч нерсе сураган эмесмин. Сурабайм дагы. Садыр Жапаровдун туура, жакшы ой-пикирлерин колдоп келем. Чынында эле мамлекетке, элге зыян келтире турган нерсе болсо коңгуроо катары айтып жатам. Кооптуу жагдай же элдин нааразычылыгы жаралып калышы мүмкүн деп айтам. Анткени саясатчылар өз убагында дайыма ойлорун айтып турушу керек. Ошон үчүн ал саясатчы", - деп жооп берди Жылдызкан Жолдошева.

Жылдызкан Жолдошева: "Садыр Жапаровду колдогондор душман, каматкандар дос болуп калды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан