Бишкекте камакка алынган адам СИЗО-1дин жанынан качып, "Перехват" планы жарыяланды. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бул маалыматты тастыктап, окуя бүгүн, 10-сентябрда болгонун белгилешти.
Белгилүү болгондой, шектүү Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан тергөө абагына жеткирилүүгө тийиш болгон.
"Буга чейин 27 жаштагы Адилет Сагынбеков аттуу жаран "жаза аткаруу тутумунун кызматкерине карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча айыпталып кармалган. Колуна кишен тагылган шектүү СИЗО-1дин жанынан качып кетти", - дешти мекемеден.
Шектүү тууралуу:
Адилет Сагынбеков 1994-жылы туулган;
Ысык-Ата райондук сотуна Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси ("кылмыш-жаза тутумунун кызматкерине карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү") боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айып тагылып, кылмыш иши келип түшкөн.
Адилет Сагынбеков Бишкектеги СИЗО-1ден Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына соттук териштирүү үчүн жөнөтүлгөн. 10-сентябрда Ысык-Ата РИИБинен Бишкектеги СИЗО-1ге конвойлор менен жиберилип, СИЗО-1дин жанынан качып кеткен.
Кийип жүргөн кийимдери: PUMA жазуусу бар кара түстөгү спорттук кийим, ак түстөгү футболка, бутунда көк түстөгү жайкы бут кийим.
Адилет Сагынбековду көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0702 44-44-88, 0703 17-17-75, 0706 86-83-12.