Мыктыбек Абдылдаев: “Лениндин “ким иштегиси келбесе, реформа кылам дей берет” деген сөзү учурда мода болууда”

“Лениндин “ким иштеги келбесе, дайыма реформа жасайм дей берет” деген сөзү учурда мода болууда”. Бул сөздү парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев айтты. Бул сөз азыркы өкмөттүн дарегине айтылды. “Кимиси кызматка келсе эле “реформа кылам” деп иш баштайт. Бирок бирөөсү да аягына чыкпайт”,- деди депутат. 

Абдылдаев Кыргызстанда аскер патрулдары бар же жок экенине кызыкты. “Мурда көчөнүн көркү бар болчу. Көчөдө аскер патрулдары келе жатса жөнөкөй жарандар түздөнүп калышар эле. Азыр деле барбы?” деди. Буга депутат Исмаил Исаков “азыр деле бар. Көчө аралап аз жүргөнүбүзгө байланыштуу көрбөй калып жатат окшойбуз”,- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан