Жети-Өгүз районунун акими: “Саруулуктардын талаптарынын бири аткарылды”

Саруулуктардын талаптарынын бири аткарылды. 7-октябрдагы Караколдо өткөн митинг боюнча айыпталып жаткандардын тергөө иши Бишкекте эмес, Жети-Өгүз районунда өтмөй болду. Муну бизге,  SUPER.KG порталына  5-ноябрда аталган райондун акими Дамир Моңолдоров билдирди. Айтымында, буга карабай пикир келишпестиктер болууда.  

“Аталган митинг боюнча айыпталып 23 адам кармалып, 14ү кайра бошотулду. Учурда 9 адам камакта. Саруулуктар камактагыларды үй камагына чыгарып, анан тергөө жүргүзүүнү талап кылууда. Иш мыйзам чегинде чечилиши керек да”,- деди аким. 

Моңолдоров кошумчалагандай, тергөө иши Жети-Өгүздө улантыла турганына карабай митингге катыштыгы бар делген айрым тургундар тергөөдө суракка катышпай тургандыктарын айтышууда. “Алар суракка келип жооп беришсе, камакта жаткандардын көпчүлүгү бошотулушу да мүмкүн”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан