“Биз чарбалык иштер менен алектенбей, саясий акциялардын артынан жүрөбүз”- дейт Жети-Өгүз районунун акими

Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы “Кумтөргө” байланыштуу ар кандай митингдер райондун ички чарбалык иштерине тоскоол болууда. Муну бизге район акими Дамир Моңолдоров билдирди. Айтымында, айыл тургундары мыйзамдуулукту сактоого тийиш. “Башкаларды айтпай эле коёюн, жеке мага байланыштуу эле 5 миллион сомдук иштин тагдыры чечилбей турат. Башталган курулуштар токтоп калды. Район жетекчилиги чарбалык иштер менен алек болуунун ордуна саясий акциялардын артынан жүрөбүз”,- деди Моңолдоров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан