Алып баруучу Назира Айтбекова Алексей Филатовду эскерди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Биз бир тууган элек. Мени дайыма бир тууганым дейт эле. Үйдүн жалгыз баласы болчу. Мен үйдүн жалгыз кызы. Биз бири-бирибизди таап алып жыргадык. "Хит парадга" келгенде сага тең келем, сени уят кылбайм деп жүрүп көп нерсеге үйрөндүм. Сен менин устатымсың!
"Хит парадды" сагындым. “Возвращение Хит парада” кылалычы? Кайра ошол долбоорду жасасак..." деп кыялданып жүрүп кетти. “Сен Кыргыз өлкөсү үчүн эмес, Орусияда алдыңкы каналдарда сайрай турчу жигитсиң! Талантыңды баала! Сени баалай турган жерге кет” деп көп айтчумун", - деди ал.
Бүгүн, 12-сентябрда алып баруучу Алексей Филатов
каза болду.