"Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Ал Синофарм вакцинасынын биринчи дозасын алганы өзү менен байланышканыбызда маалым болду.
"9-сентябрда коронавируска каршы Синофарм вакцинасын алдым. Дене табым 37 градуска жетип, бир аз алсыроо болуп жатат. Буюрса, айдын аягында вакцинанын экинчи дозасын алам", - деди ал.