Жогорку Кеңеште Орусиядагы мигранттар боюнча маселе козголду. Социалдык саясат комитетинин 5-ноябрдагы жыйынында депутаттар Орусиянын Мамлекеттик Думасына жибериле турган кайрылуу катынын долбоорун талкуулашты. Ушул эле кайрылуу аталган өлкөнүн Федералдык миграция кызматына да жиберилет.
Депутат Дамира Ниязалиева социалдык маселелерди карай турган вице-премьер-министр Камила Талиеванын жана тармактык ведомствонун ишин сынга алды. “Эгер алар иштерин эптей алышпаса, кызматын тапшырып беришсин. Анын үстүнө социалдык тармакка бөлүнчү акчанын көлөмү жыл сайын өсүп жатат”,- деди депутат.
Ал эми депутат Ыргал Кадыралиева 2013-жылдын 9 айында Орусиядан Кыргызстанга 100 жарандын сөөгү келгенин айтты. Комитет мүчөлөрү кайрылуунун долбоорун колдошту.