"Бир кабатын шамал учуруп кеттиби?". Военно-Антоновканын тургундары 10 жылдан бери мектептин курулушу бүтпөгөнүн айтып, президентке кайрылуу жолдошту (видео)

SUPER.KG порталына Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын тургундары кайрылды. Алар аталган айылда жаңы салынып жаткан мектептин курулушу 10 жылдан бери бүтпөй келгенин, окуучулар 4 нөөмөт менен окуп келишкенин айтышты.

Айыл тургундары көйгөйдү чечип берүү үчүн президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту.

"Биздин көйгөйүбүз - бул 10 жылдан бери бүтпөй жаткан мектеп. Ушул мектеп салынып башталганда төрөлгөн балдар 10 жашка чыкты. Ошол кезде биринчи класска баргандар быйыл 10-класска барып жатышат. Бул эмне деген кайдыгерлик?! Өкмөт тарабынан эч кандай колдоо болгон жок.

Мектеп башталганда 3 кабаттуу болуп, жер төлөсү менен салынмак. Биз эки кабаттуу болуп калганына өкүнүп жатабыз. Бир кабатын шамал учуруп кеттиби же жер төлөсүн жер жутуп кеттиби? Биз ошого таң калып жатабыз.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылат элек. Ким мектепке каражатты туура эмес пайдаланса, ошолорду текшерип, эсебин алып беришин суранар элек. Мектепти бүтүрүп бербесеңиздер бизге оор болуп турат.

Эски мектепте 3 жарым миң окуучу 4 нөөмөткө бөлүнүп окуп жатышат. Бул деген билимдин эң төмөнкү деңгээли. Ал жактан окуучулар татыктуу билим ала албайт. Биз келечек жаштардын колунда дейбиз. Эгер келечекке ушундай мамиле кылсак, анда жакшы муун өсүп чыкпай калат.

Биздин мектепти бүтүрүп берүүңүздөрдү суранабыз. Биздин балдар кыйналып жатат", - деп кайрылышты тургундар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан