Аксыдагы күйдүргүгө шектелгендер: Байланышта болгондордун саны 41 адамга жетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн 7 адамдын анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологиялык бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев билдирди.

Ага ылайык, алардын экөөнөн гана күйдүргү илдети аныкталды.

Бөлүм башчынын айтымында, илдет аныкталган 2 адам учурда ооруканада дарыланууда.

"Аталган ооруну дарылоо шарттарына ылайык, 2 жаран манжаларында пайда болгон күйдүргү илдетине тиешелүү жаралар карттанып, айыкканга чейин ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Алардын абалы жакшы. Ден соолугунда эч кандай коркунуч жок", - деп билдирди ал.

Ал эми анализдери азырынча терс натыйжа берип, илдет аныкталбаган 5 жаран дагы дарылануусун улантууда. Алар дагы бир канча текшерүү этаптарынан өтүшү зарыл.

Ошондой эле мал союлган жердин кыртышын дагы лабораториялык изилдөөдөн өткөргөндө илдеттин таякчалары табылган эмес.

"Уйдун эти союлган соң 13 үй-бүлөгө бөлүнүп, таратылып кеткен экен. Жергиликтүү медицина кызматкерлери үймө-үй кыдырып текшергенде, этти тамак-ашка пайдалангандардын саны 41 адамды түздү. Алардын баары учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп кошумчалады Кубан Бектурдиев.

Эске салсак, буга чейин 2-сентябрда Аксы районундагы Кара-Суу айылында күйдүргү илдетине шектелип 7 адам ооруканага жаткырылган. Алардын арасынан бешөө эркек, экөө аял киши экендиги маалым болгон. Алар 26-август күнү мал союп, ичеги-карын жуушканы жана илдет аларга малдын терисинен жуккан болушу мүмкүн экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан