UFC'нин 2 салмак категориясындагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор "MTV Video Music Awards" сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү америкалык репер Колсон Бэйкер менен мушташып кете жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.
Маалыматка ылайык, "MTV Video Music Awards" сыйлык тапшыруу салтанаты АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин аймагында болуп өткөн. Аземден кийин ирландиялык мушкер америкалык репер Колсон Бэйкерге чогуу сүрөткө түшүү сунушу менен кайрылган. Бирок репер бул сунуштан баш тартып койгондуктан ортодо ызы-чуу орун алган.
Күбөлөрдүн айтымында, Бэйкердин жан сакчыларынын бири Макгрегорду түртүп жиберген. Ал эми Макгрегор дароо реперге суусу бар стаканды ыргыткан. Эки тарапты коопсуздук кызматкерлери токтотуп калууга үлгүрүшкөн.
"Мен бул адамды тааныбайм деле. Биздин арабызда эч нерсе болгон жок. Мен октагонго чыккан чыныгы мушкерлер менен гана мушташам", - деп билдирген Конор Макгрегор журналисттерге.
Эске салсак, Конор Макгрегор буга чейин дагы UFC 223 турниринин маалымат жыйынынан соң орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов баштаган мушкерлерди алып кетип бара жаткан автобуска чабуул жасап эсте калган.