Биз социалдык тармакта

Бишкекте ТүркПАнын жыйындарына даярдык көрүлүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамиль Хасан менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда ТүркПАнын алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана 19–20-октябрда Бишкекте өтө турган Ассамблеянын жыйындарына даярдык маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш боордош мамлекеттердин парламенттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Бишкекте өтө турган жыйындарга кеңири даярдык көрүлүп жатканын айтты.

Ошондой эле ТүркПАнын ишин өркүндөтүү, парламенттер аралык кызматташтыктын практикалык механизмдерин өнүктүрүү жана кабыл алынган моделдик мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү маселелери көтөрүлдү.

Өз кезегинде Рамиль Хасан ТүркПАнын ишмердүүлүгү жана Бишкекте өтө турган жыйындарды уюштуруу боюнча маалымат берди. Мындан тышкары, боордош мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү багытындагы иштер тууралуу сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан