Элчилик: "30-сентябрга чейин Орусиядагы мигранттар жашап жаткандыгын мыйзамдаштырып үлгүрүүсү керек"

30-сентябрга чейин Орусиянын аймагында жашап жаткандыгын мыйзамдаштырып үлгүрүүсү кажет. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын президентинин ушул жылдын 15-июндагы "Орусиянын аймагындагы жаңы коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 30-сентябрга чейин чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына карата төмөнкү чечимдер кабыл алынбайт.

Орусия Федерациясынан административдик түрдө чыгаруу.

Орусия Федерациясынан депортациялоо.

Орусия Федерациясына кирүгө тыюу салуу.

Орусия Федерациясында убактылуу жүрүүнү кыскартуу.

Ал эми 30-сентябрдан тарта Ички иштер министрлигинин аймактык органдары аталган өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жарандардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Андыктан жарандар 30-сентябрга чейин Орусиянын аймагында жашап жатканын мыйзамдаштырып жана башка зарыл болгон бардык жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууга жетишип калуусу кажет.

Ошондой эле элчилик жарандар миграциялык каттоого кайрылганда жумуш берүүчү тарап менен расмий эмгек келишимин түзүү керектигин белгилейт. Болбосо полиция административдик айып салуу чараларын колдонот.

Мындан тышкары 2020-жылдын 15-мартына чейин Орусиянын аймагынан чыгып кеткен жарандар же Орусияда болбогон жарандар, анын ичинде аталган өлкөдө убактылуу жашап турууга уруксат кагазы бар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары 30-сентябрга чейин келип, бул өлкөдө жашоо мөөнөтүн узарта алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан