Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 3 миллион 686 миң 921ди түзөт. Анын 1 миллион 766 миң 898и эркектер, 1 миллион 920 миң 23ү аялдар. 11-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамынын долбоору боюнча референдумга катышкандардын санына салыштырмалуу алардын саны 80 миң 720 шайлоочуга көбөйгөн. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт.