Таластын жашоочулары милицияга ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда

Талас районунун жашоочулары милицияга ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырып жатышат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Учурда Талас облусунун аймагында “Арсенал” аттуу рейд өткөрүлүп жатат.

"Рейддин максаты облуста ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү. Райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө атайын иш-мерчемдер түзүлүп, бөлүнгөн кызматкерлер эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Апрель окуяларында жана башка учурда жоголгон, уурдалган ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча алдын алуу иштери аткарылууда. Рейд учурунда жарандар сакталып жүргөн ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда. Ушундай тартипте милицияга өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды мыйзамга ылайык кылып каттоого жеңилдиктер болорун билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан