Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 11 миллион метр кубга көбөйдү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 163 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт.

"Бүгүн, 14-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 163 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 318 метр куб, агып чыгышы 137 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Кечээ, 13-сентябрда суу сактагычта 12 миллиард 152 миллион метр куб суу бар болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан