Элчи Эсенгул Өмүралиев: “Кыргызстандыктар автомобилдерди Казакстанда массалык түрдө сатып жатышат”

“Казакстанда бажы биримдигине киргенине байланыштуу машиналар 3 эсе кымбат болуп калды”,- деди бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги брифингде Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эсенгул Өмүралиев.

Анын сөзүнө караганда Кыргызстандын жарандары тигил жакта сатуунун жолун табышкан. “Бул массалык көрүнүш. Казакстан бийлиги чара көрүп баштады. 4 айдын ичинде бизге болгону 2 адам кайрылды. Эгер автомобиль боюнча мыйзам бузуулар болбосо, анда маселе жок”,- деп кошумчалайт элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан