Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери облустагы бардык аймактарда жол коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда облустагы бардык аймактарда жолго жакын жайгашкан мектептерде окуучулардын, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу сакталууда.