Каржы министрлиги: Парламенттин 2014-жылдагы бюджети 713 миллион сомду түзөт

2014-жылы аткаминерлердин маянасын көтөрүү үчүн 1,9 миллиард сом талап кылынат. Муну ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 5-ноябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошов айтты. Айтымында, кийинки жылы республикалык бюджеттин кирешеси 17, 924 миллиардга жакын, чыгашасы 110 миллиард сом болмокчу. 

Кожошов 2014-жылы парламенттин бюджети 713 миллион сом болушу пландалып жатканын айтты. 2013-жылы 714 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле өлкөдөн АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун чыгарылышына байланыштуу каражат тартыштыгы чыга турганын кошумчалады министрдин орун басары. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан