Токтогулда күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 унаасы сүзүшүп, 3 жаран каза болду

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында MAН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Жигулидеги бара жаткан 3 эркек киши окуя болгон жерде каза болду.
Токтогул району боюнча куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, Жигули унаасында кыпчылып калган 3 жаранды чыгарып, милиция кызматкерлери менен биргеликте "Тез жардам" унаасы менен Токтогул райондук ооруканасына өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orozali.krg
2021-09-15 11:48:37
Кыргыздар жолдо кырылып бүтмөй болду гоо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан