Президент тийиштүү органдарга "Европа бирлиги - Борбордук Азия" экономикалык форумун уюштурууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Бельгия королдугундагы, Нидерланддар королдугундагы, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчыга 5-ноябрда пландаштырылган "Европа бирлиги - Борбордук Азия" биринчи Бишкек экономикалык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Муктар Жумалиев президентке Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыгынын учурдагы өңүттөрү тууралуу маалымат берди.
Анын маалыматына караганда, Кыргыз мамлекетине келе турган биримдиктин делегациясын Европа комиссиясынын экономикалык маселелери боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис жетектейт. Биринчи экономикалык форум Европа бирлиги жана Борбор Азия үчүн жаңы экономикалык платформа болот. Муну менен биримдик жогорку өкүлүнүн визити Европа бирлигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын жана экологиялык өнүгүү стратегиясы болгон – Европа жашыл келишими алкагында бизнести өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга дем берет.
Иш-чара премьер-министрлер деңгээлинде өтөт. Евробирлик биримдиктин жашыл экономикалык өнүгүүгө өтүү боюнча стратегиясын ишке ашырууга 1 триллион евро багыттарын билдирди. Буга байланыштуу кыргыз тарап алдыдагы форум алкагында биримдик менен кызматташуу боюнча өзүнүн туруктуу экономикалык долбоорлорун сунуштай алат.
Ошондой эле Муктар Жумалиев форум алкагында сессиялар жана жашыл экономиканы калыбына келтирүү, ишкер чөйрөсүн жакшыртуу, санариптештирүү өңдүү темалар боюнча өзүнчө иш-чаралар, ошондой эле энергетика, финансы, туризм жана башка багыттар боюнча сессиялар болорун билдирди.
Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга алдын ала уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде жасоону тапшырды. Сапаттуу уюштуруучулук жана мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени бул экономикалык форум өлкө үчүн бизнес жана инвестиция тармагында биримдик менен кызматташуунун эки тараптуу да, регионалдык деңгээлинде да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан