Бүгүн, 15-сентябрда Баткен районунун Газ айылында жаңыдан курулган Газ орто мектебинин ачылыш аземи өттү. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, министр Болотбек Купешов, депутат Карамат Орозова сөз сүйлөп, бүгүнкү жаңы окуу жылы, билим күнү менен Газ орто мектебинин окуучуларын, мугалимдерин жана жалпы Баткен облусундагы окутуучуларды жана окуучуларды куттукташты.
"Газ орто мектебинин курулушу 2016-жылдын 15-мартында башталып, анда 225 орундуу эки кабаттуу мектептин имаратынын курулуш иштери жүргүзүлдү. Спорт зал, жыйындар залы, ашкана жана котельный каралып, сметалык баасы 70 миллион 100 миң сомду түздү.
Жалпысынан Баткен облусунун аймагында жаңы 2021-2022 окуу жылына карата жалпы 249 билим берүү мекемеси ишин баштады. Анын ичинен 233 жалпы орто билим берүү, 2 мектеп-интернат, 1 сүрөт мектеби, 12 менчик мектеп. Жалпы 110 миң 300 окуучу билим алат", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.