Эртең, 16-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Абанын температурасы:
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...26,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 28…30° градус болот.