Баткен облусунун тургуну Адил Абдурахимов Токмоктогу лицейге окууга кабыл алынды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Молдокматова Баткендин жаш тургуну Адилди Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейине алып келген.
“Ошентип Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз-Түрк лицейинде Баткендин жаш тургуну Адил Абдурахимов менен Айдамир үчүн окуу жылы башталды.
Лицейдин жетекчилигине рахмат, балдар менин суранычым боюнча бекер окушат. Бул жердеги шарттар абдан жакшы. Эң акыркы технологиялар менен камсыздалган.
Мен ишенем, алар көрүнүктүү инсандар болуп, өлкөнүн сыймыгы болушат.
Эске салсам, ушул жылдын март айында Баткен облусунун тургуну Адил чек ара көйгөйүнө көңүл буруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган, ал эми май айында атасын бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Атасы тажик тараптан камакка алынган эле.
Айдамир майып балдары бар атасынын кароосунда энесиз чоңоюп жатат. Билим менен гана бутка бекем турса болот.
Бир сөз менен айтканда, бул - менин даңктуу, сүйүктүү Кыргыз өлкөмдүн балдары. Балдарга ийгиликтерди, сабырдуулукту, ошондой эле илимди түшүнүүдө жана билим алууда туруктуулукту каалайм”, - деп жазган Молдокматова.
Адил Мажитов чек арада жашоо коркунучтуу болуп жатканын айтып, өлкө башчы Садыр Жапаровго жолуккан.