Депутат Жанар Акаев, Алтынбек Сулаймановду колдогондор Ички иштер министрлигинин алдына чогулушууда. Аларды колдоп келгендердин бири депутат Мирлан Жээнчороев төмөнкүдөй пикирин билдирди.
"Биз эмне себептен чакырылды деп абалын сураганы турабыз. Күбө катары көрсөтмөсүн беришет. Кандайдыр бир маселе болсо Жогорку Кеңештин макулдугу менен болушу керек. Жанар Акаев дайыма ачык-айкын сүйлөгөн саясий ишмер", - деди ал.
Учурда Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМде сурак беришүүдө.