Саясатчы Ахматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков ИИМден сурактан чыкты.
"Сонунбүбү Кадырованын видео кайрылуусунан улам суракка кирип чыктык. Сурак 4-5 саатка созулду", - дейт Келдибеков.
Исмаил Исаков "Бул сурак алдыдагы шайлоого байланыштуу болушу мүмкүнбү?" деген суроого "баары болушу мүмкүн" деп жооп берди.
Айрым артисттер өлкө башчы Садыр Жапаровдон саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышкан.
Анда Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган 17-сентябрь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек бергени белгиленген. "Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жатат имиш. Жогорудагыларга эмне керек? Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чараларды көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлекетибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды.Тажадык", - деп жазылган кайрылууда.