Бүгүн, 15-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Президенттин учагы Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды", - деп жазылат билдирүүдө.
Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.
Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.