Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулунан ажырагандан бери биринчи жолу маек берди. Ал уулу Эркиндин жылдыгын өткөрүп, кайра элге аралаша баштаганын, учурдагы иштери туурасында SUPER.KG порталына айтып берди.
Өзүбүздөн кийинки муундагы ырчыларга кээде "болду ай" деп турабыз
- "Кыз-Бурак" тобуна 2023-жылы 45 жыл болот. Азыр мааракени кандай кылып өткөрөбүз дегендин үстүндө иштеп жатабыз. Менин артымдан келе жаткан аксакал ырчылардын баарын колунан жетелеп, сахнага алып чыккан мен болгом. Чоң-чоң концерттерди уюштуруп, титиреп-калчылдап турса эрдентип, шердентчүмүн. Азыр эскерип күлүшөт, ыраазычылыгын билдиришет. Азыр ойлосом жакшылыгым, жарыгым "Кыз-Бурактан" тышкары башкаларга да тийген экен деп калам.
Сүйлөп жатып деле таалимге, тартипке тартып турабыз. Туура, жакшы кабыл алышат. Бир эле жакшы нерсени айтып койсоң, ошол түбөлүккө эсинде калып, кийинки муунга жеткирет. Бизде өнөр адамдарынын арасында бири-бирине болгон урмат-сый бар. Аксакалдар туура жолго түшсүн деп кээде "болду ай" деп коёбуз (күлүп), бири-бирибизге чала калып "мен чалайынбы, сиз чаласызбы" деп калабыз.
Өнөр жаатында көптөгөн маселелер бар, санап отурсаң кол жетпейт. Ошого карабастан эстрада жаатында жүргөн кыздар, балдарды бир нукка келтирели деп турабыз. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен эстрада ишмерлери жолугуп, келечекте "Кыргыз эстрада ишмерлер союзу" менен жакшы долбоорлордун үстүндө иштейбиз.
Сайкал Садыбакасова Гүлшайыр Садыбакасова боло албай жатат
- Кыздар менен иштешүү өтө кыйын. Балдардын 10го жакын ансамблин түзүп албаймынбы деп айткам учурунда. Бир кезде 8 баладан турган мырзалардын ансамблин түзүп, бир жылда эле белгилүү болуп кетти. Жарым жылдан кийин алар дагы жылдыз оорусу менен ооруп кетишти. Көрсө, эркектер деле, айымдар деле ооруйт экен. Анан көңүл бурбай коюп, кийин ансамбль таркап кетти. "Кыз-Бурактын" кыздары жылдыз оорусуна кабылган жок, болтурткан жокмун. Анткени Гүлшайыр эжекесинин катуу тартибинин артынан турмушка чыгышты, үйлүү, жайлуу болушту. Өз алдынча кадыр-баркка ээ болушту. Бүгүнкү күндө "эмне үчүн баягыдай дүңгүрөбөй жатасыңар, топ мурдагыдай болбой калды?" деген суроо туулат. Биринчиден, мындан кийин "Кыз-Бурактын" кыздарына жеке ырларды жазбайм деп касам ичип койдум. Топко келдиби демек, ошол жактан насибин көрүп кете берсин дедим. Сайкал экөөбүздүн ортобуздагы чыр кээде ошондон чыгат. Менин жүрөгүм таарынычтан бошобой уруксат бербей келем. Экинчиден, 20 жылдагы кыздар менен азыркы кыздардын айырмасы асман менен жердей. Топту учурда Сайкал Садыбакасова жетектейт, ал Гүлшайыр Садыбакасова боло албай жатат. Мен тартипти катуу кармап, талапты катуу коём. Ал кыздарын үтүктөп, коргоп турат. Жакшы ийгиликке жетүү үчүн талапты коюп, тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөш керек. Мага андай сезилбей жатат. Ошентсе да Сайкалга рахмат, кыздары кетсе ыйлап алып, топтун атын өчүрбөй келе жатат.
Топту сактап калуу үчүн эл эмне сатса ошону сата баштагам
- "Шоола" кыздар ансамблинде ойноп жүргөндө "Кыз-Бурак" ансамбли жаңы түзүлөйүн деп жатыптыр. Ошондо бизди Рахман Салмаматов топко чакырып, музыкалык жетекчи кылып алды. 1980-жылдан тарта топтун көркөм, музыкалык жетекчиси болуп келдим.
1990-1994-жылдар аралыгында кризис болду. Ансамблдердин баары ошол кезде тарап, жок болуп кетти. Ошондо эл эмне кылса ошону кылып, эмне сатылса ошону сата баштадым. Анда топто 10 кыз бар болчу, алар ачка калбаш керек, музыкалык аспаптар жаңыланып турушу керек. Эл катары пахта майын, жолдун боюна чыгып бензин сата баштадык. Балдарга саттырып, кечинде түшкөн кирешени тамак-ашка бөлчүбүз. Ошентип кризистен алып чыгып кеттим.