6-ноябрь күнү Кыргызстанда жана дүйнөдө бир топ окуялар болуп өткөн.
*Мисалы, 6-ноябрь 1919-жылы Кыргыз ССРинин 1-катчысы (1961-жылдын 9-майынан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин) Турдакун Усубалиев туулган. Кененирээк маалымат берсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Кыргыз мугалимдер институтун, 1945-жылы Советтер Союзунун борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык окуу жайын, 1965-жылы В.И. Ленин атындагы Москва педагогикалык институтун аяктаган. Эмгек жолун 1938-1941-жылдары Кочкор айылында мектепте мугалим болуп баштаган. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз ССРинин 1-катчысы болгон. Кылган эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алган, алардын ичинде 10 орден жана КРнын баатыры деген наам менен кошо “Ак-Шумкар” сыйлыгы бар.
*1860-жылы (153 жыл мурун) Республикалык партиядан Авраам Линкольн АКШнын 16-президенти болуп шайланган.
* 1938-жылы Касым Тыныстанов репрессияланган (75 жыл мурун).
*1962-жылы “Айта бар арманымды”, “9 жаш”, “Кайдасың сен, табаламбы?” аттуу ырлардын обонунун автору, обончу Мамажан Козубаев туулган (51 жыл мурун).
*1964-жылы Алина Жетигенова төрөлгөн. (49 жыл мурун). Афиша толугу менен бул жакта ...