Америка Кошмо Штаттары жакынкы үч жыл ичинде жок болот. Бул тууралуу АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дональд Трамп Американын жергиликтүү каналдарынын биринде маек берип жатып, бийликке келген Жозеф Байдендин президенттик мөөнөтү башталгандан бери өлкөнүн абалы мурда болуп көрбөгөндөй ылдый түшкөндүгүн айтты.
"2022-2024-жылдары боло турган шайлоого барганыбызда бизде өлкө жок болот", - деген Трамп.
Ошондой эле ал Байдендин Ооганстандагы аракеттерин АКШ үчүн тарыхтагы эң чоң жеңилүү деп атап, отставкага кетиши керектигин билдирген.