Бишкекте бак-дарактарды биринчи жолу электрондук инвентаризациялоо иштери башталды

Борбор калаада бак-дарактарды биринчи жолу электрондук инвентаризациялоо иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инвентаризациялоонун максаты бак-дарактарды ордуна коюу, жашылдандыруу программаларын иштеп чыгууда эсептөө маалыматтарын колдонуу боюнча ишкананын жумушчу процесстерин автоматташтыруу. Зарыл учурларда аларды карап, багуу боюнча алдын ала иш-чараларды өткөрүү.

"Эмен сейил багында ыктыярчылардын жардамы менен биринчи жүз эмен багы инвентаризациядан өттү. Ыктыярчылар менен түшүндүрүү иштерин “Арча” коомдук фондунун координатору жана ишкананын башкы агроному жүргүздү.

Белгилей кетсек, “Арча” коомдук фондунун өкүлдөрү буга чейин жашылдандыруучулар менен аталган программа боюнча окуу сабактарын өтүшкөн.

Эми шаардын “жашыл жашоочуларынын” өздүк “медициналык карточкасы” пайда болот. Карточкаларга агрономдор жана мастерлер тарабынан бак-дарактардын саны, орду, түрү, сугарылышы жана башка абалы жөнүндө маалымат киргизилип турат", - деп айтылат маалыматта.

Бул программанын жардамы менен “Бишкек жашыл чарба” кызматкерлери бак-дарактарды карап багуу, дарылоо үчүн керектүү каражаттарды өз учурунда эсептеп чыга алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан