реклама
super.kg logo

Дубайда коронавируска чалдыккандарды иттердин жардамы менен аныктай башташты

 

Бириккен Араб Эмираттарындагы аэропорттордо коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдарды иттердин жардамы менен аныктай башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн аба майдандарында немис овчаркасы, лабрадор, кокер-спаниель жана бордер-колли породасындагы жалпы 38 ит коронавирус илдети менен ооруп жаткан адамдарды аныктоо ишин аткарышууда.

Алар атайын окуудан өтүп, ар түрдүү жолдор менен машыктырылган. Дубайдын полициялары 3290 адамдын тер тамчыларын кутуга салып, машыгуу залындагы ар кайсы жерге жайгаштырышкан. Алардын арасынан бир кутуга гана вирус менен ооруп жаткан адамдын тер тамчысын коюшкан. Ал эми иттер башкалардан айырмаланган ошол кутуну жыт аркылуу табышкан.

Окумуштуулар мындай ыкманын натыйжасы 98 пайызга жыйынтык бергенин билдиришкен.

Ал эми полициялардын бири иттер күнүнө 30-40 тестти өткөрүп жатканын жана жакынкы күндөрү бир гана аба майдандарында эмес, керектүү болгон бардык жерде бул ыкманы колдонууну ишке ашыра турганын кошумчалашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.09.2021. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
14-10-2021 21:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ничего себе иттер, атайын окуудан отушуптурда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178760;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: