2-октябрдан 10-октябрга чейин Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча төрт балбан катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча катыша турган балбандардын тизмеси: 1. Улукбек Жолдошбеков - 61 кг;
2. Алибек Осмонов - 65 кг;
3. Эрназар Акматалиев - 70 кг;
4. Арсалан Будажапов - 79 кг;
5. Русланбек Маджинов - башкы машыктыруучу;
6. Сүймөнкул Таабалды уулу - улук машыктыруучу;
7. Исламбек Тазабеков - улук машыктыруучу.
"Мурда жарыяланган башка салмактык категориядагы балбандар тилекке каршы, жаракаттарынан жана үй-бүлөлүк себептерден улам Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калышты", - деп билдиришти Күрөш федерациясынан.