Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан өлкөсүнө барган иш сапарында жалгыз туруп калган сүрөтү социалдык тармактарда чоң талкуу жараткан. Ошондой эле айрым маалымат каражаттары дагы жазып чыгышкан.
Көп өтпөй Инстаграмдагы Садыр Жапаров деген аккаунт ошол учурдун кыскача видеосун жарыялады.
Анда "чындыкты билгиле, ою арам бузукуларга ишенбегиле" деген чакырык жазылган. Ошол сүрөткө далил кылып видеону тиркешкен.
Президент Садыр Жапаров 16-17-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасында болуп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышып келди.