Акыркы 8 айда республиканын аймактарында 4 миң 637 жол кырсыгы катталды

2021-жылдын 8 айында республиканын аймактарында 4 миң 637 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Республиканын аймагындагы жол кырсыгынын 95 пайызынан көбү айдоочулардын айдоочулук маданияттуулугунун өтө төмөндүгүнөн келип чыккан.
- 30,2 пайызы айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан;
- 29,8 пайызы айдоочунун туура эмес маневр жасагандыгынан;
- 11,3 пайызы айдоочунун жолдун каршы тилкесине чыгып озуп кеткендигинен;
- 6,5 пайызы айдоочунун мас абалда унаа айдагандыгынан;
- 6,3 пайызы айдоочунун коопсуз аралыкты сактабагандыгынан;
-6,1 пайызы айдоочулардын жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүгүнөн;
- 4,3 пайызы айдоочунун жол белгилерине баш ийбегендигинен;
- 1,6 пайызы айдоочунун рулда уктап кеткендигинен болгон.
Жол кырсыктарынын 2,6 пайызы жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү менен болуп, анда жол тилкелеринен туура эмес өткөн, спирт ичимдиктерин ичип алган, жол тилкелерине кокусунан чыгып кеткен учурлары катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан