Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган жаңы 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысына жаңы балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү тууралуу маалымат берилди. Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.
Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Ал 70 жатуучу орундан туруп, анын 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар. Мындан сырткары биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.
Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясынан меймандар катышты.
Өз сөзүндө президент бүгүнкү иш-чаранын өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да бул боюнча кырдаал курч бойдон турат.
Президент белгилегендей, залалдуу шишиктерден каза болуулардын санын илимий изилдөөлөргө негизделген максаттуу программаларды иш жүзүнө ашыруу менен төмөндөтүүгө жетишүүгө болот.
«Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун атайын клиникасынын базасында балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн ачылышы балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүдө чоң кадам болуп саналат. Аталган бөлүм аркылуу алдын ала дарылоо жана кичинекей бейтаптарыбыздын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жакынкы келечекте ийгиликтүү жүзөгө ашарына ишеним артабыз», - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле залал шишикти дарылоонун кийинки баскычтарында иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
«Ар бир муктаж балага кол сунуп, алардын өмүрү үчүн күрөшүүдө колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек! Ал үчүн заманбап медициналык технологияларды тартып, жаңы ыкмаларды пайдаланып, илгери үмүт жана терең ишеним менен балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүгө милдеттүүбүз», — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.
Ошондой эле мамлекет башчысы жаңы имаратты карап чыгып, орнотулган атайын жабдуулар менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашты.