2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталган.
"Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
2021-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков "өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси боюнча алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.