Чүйдө кой-кочкорлордун көргөзмөсү өттү. Көп сөз ордуна сүрөттөр сүйлөсүн

18-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылында "Арашан" асыл тукум эт багытындагы койлордун көргөзмөсү республикалык деңгээлде өткөрүлдү. Көргөзмө Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен өткөндүгүн аталган мекемеден маалымдашты.
Анда айтылгандай, көргөзмөгө айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, “Арашан” породасындагы койлорду баккан жеке фермерлер бирикмеси, Казакстандан келген фермерлер жана асыл тукум породасындагы мал өстүрүүчү тажрыйбалуу фермерлер катышты.
"Көргөзмөнүн максаты - асыл тукум кой чарбасын популяризациялоо, тажрыйба алмашуу, сандан сапатка өтүү. Көргөзмөдө "Арашан" асыл тукум эт багытындагы койлорду баккан алдыңкы фермерлер Айыл чарба министрлигинин Ардак грамотасы, отличник төш белгиси менен сыйланды.
2021-жылы 15-апрелде Айыл чарба министрлиги "Арашан" кыргыз породасын расмий каттаган. Кочкорлордун салмагы 170-180 килограммга чейин жетсе, ургаачы койлордун салмагы 130-140 килограммды түзөт", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2021-09-19 10:08:38
Торпок эле го буларынар...
0
Kurbanalieva1991
2021-09-19 13:49:41
Бул кой кочкорлордун баасы үйдүн баасына тең деп уккан элем.. чын эле баасы ошондойбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан