"Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоцикл аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 19-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында болгон.
"Анда 1992-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.
Мындан улам аталган жолдун боюндагы Учкун-2 айылынын тургундары жолду жаап, тийиштүү кызматкерлер аталган жолго, жол чийиндерин коюп берүүлөрүн, бул жерде көп кырсыктар катталарын айтып чыгышкан. Ал эми саат 23:00 чамасында жол ачылган.
Ал эми айдоочу түндө эле Сокулук РИИБине териштирүү иштери үчүн жеткирилген", - деп билдирет басма сөз кызматы.