Жүргүнчүнү маршруттук унаадан сууруп чыгып, үчөөлөп тепкиге алган видео. Милиция маалымат таратты

Бүгүн, 20-сентябрда жүргүнчүнү коомдук унаадан сууруп чыгып, үчөөлөп сабаган видео тараган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрда Ысык-Ата районуну Новопокровка айылынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Коомдук унаадан түшкөн үч эркек бир адамды ур-токмокко алганын байкоого болот. Аларды жолдо өтүп бара жаткандар ажыратып калган. Жабырлануучу кошунасы менен анын балдарына үстүнөн ошол эле күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен кайрылган. Аталган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" беренеси менен катталып, керектүү экспертизалар дайындалган.

Эскерте кетсек, сабалган жаран буга чейин да укук коргоо органдарына 2020-жылдын 18-июнунда жана 20-декабрында ошол эле кошунасы уулдары менен сабап кеткенин айтып, ички иштер бөлүмүнө арызданган. Анын бири кыскартылып, экинчиси боюнча дагы эле тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina90
2021-09-20 14:33:07
Эки жолу кайрылыптыр милицияга,эмнеге жакшы иликтенген эмес кайра-кайра ур тепкиге алып.Кок мээлер үчөөлөп да урабы бир адамды.
+6
Ala.too.456
2021-09-20 14:48:40
Жэээ тепкилеген кощуналарга бир жетишбейт. Жэээ бул адам ошол даражага чейин жеткирип, анан жазам деп коркуткандарлан....
+1
Dembele84
2021-09-20 15:52:03
Мындайлар жон калбаш керек.Эмнени кутуп отурат милиция сразу жыйынтык чыгарбай же бироо олуш керекпи буларга?
0
Asmat84
2021-09-20 16:51:07
Демек тепкилеген үч эргулдун крышасы күчтүү экен .
+2
ulanbek2000
2021-09-21 08:28:32
Asmat84, крышасынан тайыптыр нерви жукалар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан