УКМК: "Экс-депутат ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды"

"Кыргызстан" саясий партиясынан мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы Кубанычбек Нурматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

20-сентябрь күнү Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-20 18:09:13
Шектүүлөрдү кармап эле атасыңар, төлөтүп эле атасыңар, бирок баары жазуу түрүндө эле калып, иш жүзүндө эч нерсе жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан