Чүй районунда 31 жаштагы жаранды уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

Чүй районунда 31 жаштагы жаранды уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Чүй РИИБине телефон чалуу болуп, Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Анда 17-сентябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында бейтааныш адамдар 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, аны белгисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам иш-чаралардын негизинде изи сууй электе бул кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана 1995-жылы туулган М.С. аттуу жарандар кармалган. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынан сыртка алып чыгып, коркутуп 100 миң сом акча талап кылышкан. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-09-20 16:55:35
Атып салыш керек мындай шүмшүктордү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан