Бишкек шаарындагы мурдагы "Фрунзе" заводунда бомба бар делинип, жарандар коопсуз жайга эвакуацияланды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бомба тууралуу билдирүү бүгүн, 20-сентябрда саат 14:50 чамасында түшкөн.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, жарандарды коопсуз жайга чыгарышты. Ошондой эле жеринде УКМКнын кызматкерлери иш алып барышууда. Учурда издөө жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, кененирээк маалымат кийинчерээк берилет", - дешти мекемеден.