SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Талас облусунун Талас районундагы Манас айылынын тургуну кайрылып, аталган айылдагы мектепте эскилиги жеткен китептерди окуп жатышканын, ага ижара катары 25 сом төлөй тургандыгын айтып, нааразы болду.
"Талас районунун Манас айылындагы Ак-Сай орто мектебинин китептери эски. Бул китеп 1993-жылы чыккан. Ошондон бери окуу системабыз жаңыланган эмес. СССРдин убагындагы китептер менен окуп келебиз.
Элге билим берүү боюнча СССР Мамлекеттик комитети бекиткен китептер менен дагы деле окуйт экенбиз. Китептин жартылары жок. Буга ижара үчүн 25 сом төлөнөт. Муну бекер берсең деле түшүнбөйсүң го, анан кантип билим берүү өнүксүн?", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.