ЭЛДИК КАБАР: "Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылында эмдөөдөн өтпөгөндөргө жөлөк пул бербей жатат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын тургуну кайрылды. Анда ал аталган айылда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү үчүн мажбурлоо болуп жатканын айтты.

"Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылындагы ФАПтын кызматкерлери айыл тургундарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө мажбурлап жатышат. Эмдөөдөн өтпөсө, балдарын мектепке албай, жөлөк пул жана маалымкаттарды бербей жатышат. Мындай мажбурлоо туурабы? Эмне кыларыбызды билбей калдык?", - деди жергиликтүү тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан