Бүгүн, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин катышуусунда жыйын өтүүдө. Анда авиакаттамдардын чектөөсү тууралуу маалымат берилди.
"Москвадан келе албай жаткан жарандардын маселеси да чечилди. Кечээ Москвадан 4 каттам учуп келди. Жарандардын жалпы саны 800гө жакын болду.
Бүгүн дагы 3 каттам Новосибирск, Екатеринбург, Москва шаарынан жүргүзүлөт. Мындан аркы каттамдар үчүн 210 кишилик "Аэрофлоттон" каттам уюштуруп берүүнү суранып жатабыз. Калып калган жарандар болсо, билет алып, келүүгө мүмкүнчүлүк болот", - деди Акышев.