Бүгүн Минск-Бишкек каттамы менен өлкөгө 164 Кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен өлкөгө 164 Кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Аталган чартердик каттамда Беларустагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер да бар.

Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибизди алып келүү иштери дагы да уланууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aza84
2020-07-13 11:32:53
Бакиев шакал жок бекен арасында
-6
bazar
2020-07-13 12:09:42
aza84,Бакиевтен башкасы учуп келди
0
zhigitaly
2020-07-13 14:38:26
Ушундай шартта Бакиев бийликке келсе да каршы болбойт элем. Жакшы иштегенин моюнга алыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан