3-декабрь -Майыптардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарында 10-ноябрдан 25-ноябрга чейин кайрымдуулук акциясы өтөт. Аталган иш-чаранын жыйынтыгы 28-ноябрда чыгат. Кайрымдуулук акциясын “Ар бир балага үй- бүлө” аттуу коомдук фонду уюштурууда. Акцияда топтолгон акча каражаттары шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө жана социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына жумшалат. Чогулган акча каражаттарына керектүү медициналык каражаттарды, азык-түлүктөрдү жана кийим-кечелер сатып алынат.