"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марс бойдокчулук менен коштошту. Ал бүгүн, 21-сентябрда сүйүктүүсү Мээримди кыргыздын салты менен үйүнөн алып кетти.
Түгөйлөрдүн үлпөт тою кечинде борбор калаадагы тойканалардын биринде орун алат. Ырчынын ак тоюндагы репортажды порталыбыздан көрө аласыздар.
Эске салсак, ырчы сүйүктүүсүнө баш кошуу тууралуу сунушту апрель айында жасаган.
Марс 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.